Түштүк Кореянын жардамы менен Бишкекте Инфекциялык оорукананын жаңы имараты салынат. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги маалымдады. Түштүк Кореядан эксперттер тобу келип, бул боюнча эки тараптуу келишимге кол коюлду. Долбоордун үстүнөн кореялыктар иштей баштады.
Оорукананын 130 орундук жаңы имараты бир нече бөлүмдөн туруп, заманбап техникалык жабдуу коюлат. Ошондой эле бейтаптардын маалыматтарын электрондук каттоого алуу системасы орнотулат. Азыркы иштеп жаткан клиника 400 кишиге ылайыкташкан. Ага 2017-жылы 81 миңден ашуун киши кайрылып, 31 миңи ооруканага жатып чыккан. (BCh)