Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:36

АКШ палестиналык качкындарга жардамын азайтты


Палестинадагы качкындар лагериндеги карыя.
Палестинадагы качкындар лагериндеги карыя.

Кошмо Штаттар палестиналык качкындарга жардам көрсөтүүгө жумшалчу каражатты эки эсе азайтты. Быйыл Улуттар Уюмунун Жакынкы Чыгыш боюнча агенттиги мурдагыдай 125 млн. эмес, 60 млн. доллар алат.

Бул тууралуу Мамдепартаменттин басма сөз катчысы Хизер Нойерт 16-декабрда билдирди. Ал калган 65 млн. доллар кандайдыр чечим кабыл алынмайынча эч кайда иштетилбей турарын баса белгиледи.

Буга удаа эле АКШнын президенти Доналд Трамп "Твиттердеги" барагына Вашингтон жыл сайын палестиналыктарга миллиондогон долларларды бөлгөнү эч кандай баага жана сыйга татыбай келгенин жазды.

14-январда Палестин автономиясынын президенти Махмуд Аббас АКШ сунуш кылган бир да тынчтык планын кабыл албай турганын билдирген. Буга Трамптын былтыр Иерусалимди Израилдин баш калаасы деп тааныганын негиз кылган.

АКШ - Жакынкы Чыгыш боюнча агенттиктин башкы демөөрчүсү.

XS
SM
MD
LG