Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:57

Гутерриш качкындарга берилчү жардам азайганына тынчсызданды


Антониу Гутерриш.
Антониу Гутерриш.

Улуттар Уюмунун баш катчысы Антониу Гутерриш Кошмо Штаттардын палестиналыктарга берилчү жардамын азайтуу боюнча чечимине өтө тынчсызданып жатканын билдирди.

Баш катчы ал каражат Палестинадагы оккупацияланган аймакта, Йорданияда, Сирияда жана Ливанда жүргөн качкындар үчүн абдан зарыл экенин билдирди.

- Бул кызмат ал элдин турмушун жакшыртыш үчүн эле өтө маанилүү эмес. Мында олуттуу гуманитардык маселе бар. Менин пикиримде жана көпчүлүктүн, анын ичинде израилдиктердин ою боюнча бул стабилдүүлүк үчүн маанилүү фактор. - деди Гутерриш.

16-январда АКШнын мамлекеттик администрациясы палестин качкындары үчүн БУУнун Жакынкы Чыгыш боюнча агенттигине бөлгөн каражатын эки эсеге азайтканын билдирген. Ошондо АКШ мурдагыдай 125 млн. эмес, 60 млн. доллар гана бөлөрүн билдирүүдө.

XS
SM
MD
LG