Түндүк жана Түштүк Корея кышкы Олимп оюндары учурунда командаларын бириктирүүнү макулдашты. Бул тууралуу эки өлкөнүн өкүлдөрүнүн 17-январдагы кезектеги жолугушуусунда белгилүү болду.
- Биздин өкмөттүн мүдөөсү - Пхенчханда Олимпиаданы тынч өткөрүү жана андай аракеттердин бири катары Олимпиаданы жарашуунун жана фестивалдын жайына айлантуу. "Түштүк-Түндүк" биргелешкен командасын түзүүгө байланыштуу элибиздин тынчсыздануусун түшүнүп турабыз. Мындай маселелер талкуу жаратпашы үчүн жакшылап даярданабыз, - деп убада берди Түштүк Кореянын Биригүү боюнча министрлигинин маалымат катчысы Байк Тэ Хюн.
Оюндун ачылышында спортчулар Корей жарым аралынын сүрөтү тартылган желек алдында өтүүнү пландап жатышканын "Associated Press" агенттиги жазды. Эми ал макулдашууну Эл аралык Олимпиада комитети карайт. Чечим жакынкы күндөрү кабыл алынышы мүмкүн.
Буга чейин Түндүк Корея Олимпиадага 140 кишиден турган артисттеринин тобун жөнөтөрүн да билдирген.
Эки Кореянын чыңалган мамилеси быйыл январдын башынан бери жазылгандай болуп, сүйлөшүүлөр өтүп жатат.