Кыргызстандагы жол кырсыктары улам көбөйүп баратканын белгилеген депутат Айнуру Алтыбаева өкмөт эл аралык уюмдардын жардамы менен жол кырсыктарын азайтуу боюнча программа иштеп чыгууга тийиш экенин белгиледи. Ал 18-январда парламенттин жалпы отурумунда сүйлөгөн сөзүндө жолдорго көзөмөл камераларын орнотуу менен кырсыктарды азайтууга болорун дүйнөлүк тажрыйба далилдеп жатканын айтып кетти:
- БУУнун Башкы ассамблеясы тарабынан 2011-2020-жылдар "Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуунун он жылдыгы" деп жарыяланган. Бул жерде Улуттар Уюмунун түрдүү сунуштары бар. Биздин өкмөт ошолорду колдонуу менен жолдогу коопсуздукту камсыз кылышы керек. Бишкек-Ош жолуна көзөмөл камераларын орнотуу зарыл. Бизде реформа деп кызматкерлердин санын көбөйтүп жатабыз. Бул жолдордогу коррупция коркунучун гана көбөйтүп жатат.
ИИМдин маалыматы боюнча, былтыр Кыргызстанда 828 киши автокырсыктан каза тапкан. Жол кырсыктарынын басымдуу бөлүгүнө айдоочулар жол кыймыл эрежелерин сактабаганы себеп болуп жатканы айтылып жүрөт. (ZKo)