Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:14

Жасалма паспорт алып жүргөн Кытай жараны кармалды


Кыргыз-казак чек арасы.
Кыргыз-казак чек арасы.

Кыргыз-казак чек арасындагы "Акжол-автожол" өткөрмө бекетинен жасалма паспорт менен өтүп келаткан Кытай Эл Республикасынын жараны кармалды. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынын маалымат бөлүмү кабарлады.

Билдирүүдө айтылгандай, азиат түспөлүндөгү жаран Өзбекстандын паспортун көргөзгөн. Чек ара кызматкери паспортту текшерген учурда андагы сүрөт алмаштырылганын аныктаган.

Сурак учурунда жасалма паспорт көргөзгөн жаран өзү 41 жаштагы М.Т. аттуу Кытайдын жараны экенин билдирген. Ал паспортту Түркияда жасатып алганын айткан.

Факты боюнча тиешелүү документтер толтурулгандан кийин кармалган жаран Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин аймактык бөлүмүнө өткөрүлүп берилди. (ErN)

XS
SM
MD
LG