Линктер

жума, 17-август, 2018 Бишкек убактысы 21:54

Өнүктүрүү фонду ипотекага берилчү үйлөрдүн курулушун каржылайт


Бул кыргыз өкмөтүнүн тапшырмасы менен ишке ашып жатканын аталган Орус-кыргыз өнүктүрүү фондунан "Азаттык" радиосуна маалымдашты. Ага ылайык, фонддун акчалай колдоосуна "2015-2020-жылдардагы арзан турак жай" программасынын алкагында көп кабаттуу үйлөрдү куруп жаткан курулуш компаниялары ээ боло алат. Курулуш компаниялары акчаны Орусия-Кыргызстан өнүктүрүү фондунан тикелей же анын банк-өнөктөштөрү аркылуу алышмакчы.

Кыргыз өкмөтү мындан 2,5 жыл мурда "Арзан турак жай 2015-2020" программасын кабыл алган жана анын негизинде Мамлекеттик ипотекалык компания түзүлгөн. Компания ушул күнгө чейин жалпысынан 2400дөй адамга суммасы 2,5 миллиард сомдон ашуун насыя берди.

Ал эми Орус-кыргыз өнүктүрүү фонду эки өлкөнүн өкмөттөр аралык келишимине ылайык, ЕАЭБге кошулган Кыргызстандын ишкерлерин колдоого, экономикасын өнүктүрүүгө кызмат кылуу үчүн капиталы 1 миллиард доллар менен түптөлгөн. Фонд ушул күнгө чейин 700гө жакын долбоорду каржылады.

Кыргыз коомунда фонддун дарегине сын айткандар арбын. (ZKo)

XS
SM
MD
LG