Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Октябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 08:39

Бишкектин "Ош" базарынан эреже бузган 15 автоунаа эвакуацияланды


Автоунааны эвакуациялоо учуру
Автоунааны эвакуациялоо учуру

Бишкек шаарындагы “Ош" базарынын айланасында автоунаасын туура эмес жерге койгон 210 айдоочуга айыппул салынып, 15 транспорт атайын токтотуучу жайга эвакуацияланды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы “Азаттык” радиосуна кабарлады.

Билдирүүдө айтылгандай, бул чаралар шаар аралык такси каттамын ишке ашырган автоунааларды текшерүү рейди учурунда көрүлгөн.

Бишкектен Ошко, Баткенге, Жалал-Абадга жана башка шаарларга каттаган айдоочуларга мындан сырткары жолго чыгуу графигин так сактоо, транспортту техникалык кароодон өткөрүү, атайын белгиленген жайга гана автоунааны токтотуу жана жолдо акырын айдоо тууралуу эскертүү-түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

“Ош" базарынын айланасы Бишкекте тыгын көп жараткан район катары саналат. Анда айдоочулардын автоунааларын башаламан койгонуна даттангандар арбын.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы шаар аралык каттаган таксилер токтоочу жайларда мындай аракет дагы уланат.

Бишкек шаарында уруксат берилбеген жерге токтотулган автоунааларды мажбурлап эвакуациялоо 10-январда башталган. Транспортторду мажбурлап ташып кетүү кызматын тендерден утуп алган «Портал групп» фирмасы ишке ашырат. Бир автоунааны эвакуациялоонун чыгымы 1350 сомду түзөт жана бул сумманы эреже бузган транспорт ээси төлөйт. (ErN)

XS
SM
MD
LG