Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Октябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 05:28

Македония: албан тилине расмий макам берүү мыйзамына вето коюлду


Георге Иванов.
Георге Иванов.

Македониянын президенти Георге Иванов өлкөдө албан тилине экинчи расмий тил деген статус берүүнү караган мыйзам долбооруна вето койду. 17-январда президент сунуш кылынган жобо мамлекеттик мекемелерге кымбатка тураарын, көп улуттуу коом түзүүнүн ордуна "биримдикке, суверендүүлүккө жана аймактык бүтүндүккө коркунуч жаратышы мүмкүн" экенин айтты. Өкмөт долбоор “Конституцияга төп келерин”, Македониядагы бардык жарандардын укугун эске алуу менен иштелип чыкканын айтып, мамлекет башчынын мындай чечимине өкүнүчүн билдирди.

11-январда өлкө парламенти көпчүлүк добуш менен мыйзам долбоорун кабыл алган. Бирок оппозициялык негизги партия добуш берүүнү бойкоттогон. Эми документ кайрадан колго салынмакчы. Бул ирет депутаттар аны колдосо, президент кол коюуга милдеттүү болот.

XS
SM
MD
LG