Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:28

Коопсуздук кеңешине башкы прокурор жана президенттин аппарат башчысы кирди


Президенттик администрация.
Президенттик администрация.

Президент Сооронбай Жээнбеков "Кыргызстандын Коопсуздук кеңеши жөнүндө" мыйзамды өзгөртүү тууралуу мыйзамга 18-январда кол койду.

Өзгөртүлгөн мыйзамда Коопсуздук кеңешинин тар курамына башкы прокурорду жана президенттик аппараттын жетекчисин киргизүү каралган.

Кабыл алынган мыйзамдын максаты мыйзамдын артыкчылыгын камсыз кылуу, Коопсуздук кеңеши чечим кабыл алып жатканда уюштуруу маселелерин ыкчам чечүү, ошондой эле чечимдерди кабыл алуу тартибин өркүндөтүү болуп саналат.

Мыйзамды Жогорку Кеңеш 2017-жылдын 7-декабрында кабыл алган, ал расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет. (ZKo)

XS
SM
MD
LG