Линктер

жума, 25-май, 2018 Бишкек убактысы 11:30

Казакстанда өрттөнгөн автобустун айдоочулары аман калды


Кырсык болгон учурда «Икарус» автобусунда 57 киши бараткан. 18-январь, 2018-жыл.

Актөбө облусундагы Самара-Чимкент автожолунда жүргүнчү ташыган автобус өрттөнүп, бери дегенде 52 киши каза тапты, алардын баары Өзбекстандын жарандары болгон. Бул тууралуу Казакстандын чукул кырдаалдар министрлигинин облустук бөлүмү кабарлады.

Кырсык болгон учурда «Икарус» автобусунда 57 киши бараткан. Окуя бүгүн эртең менен жергиликтүү убакыт боюнча саат 10:30да болгон.

Чукул кырдаалдар министрлигинин басма сөз катчысы Руслан Иманкулов аман калгандардын экөө казакстандык айдоочулар, калгандары өзбек жарандары экенин айтты. Автобус Түштүк Казакстан облусунда катталган. Ал Чимкенттен Орусияга бараткан. Маалыматтарга караганда жүргүнчүлөр эмгек мигранттары болчу.

Тергөө жаңы башталганы менен Чукул кырдаалдар министрлигинин облустук бөлүмү "трагедияга автобустагы электр тетиктеринин бузулушу алып келген болушу мүмкүн" деген версияны айтып жатат.

Автобуста эл нормадан ашыкча болгону да белгиленди. Кезинде Советтер Союзунда “Икарус” көп колдонулчу.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG