Линктер

шаршемби, 15-август, 2018 Бишкек убактысы 12:01

Чүйдө психикалык оорулуу аялга айдоочулук күбөлүк берилген


Иллюстрациялык сүрөт.

Автотранспортторду каттоо жана айдоочулук күбөлүк берүү департаментинин Чүй райондук жана Токмок шаардык башкармалыгынын кызматкерлери психикалык жактан оорулуу аялга айдоочулук күбөлүк берип жибергени аныкталды. Бул тууралуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Анда айтылгандай, факт 2015-жылы катталган. Аталган эки аймактык бөлүмдүн өкүлдөрү “В, С” категориясындагы автоунаа айдоого уруксат берген С.А. аттуу жаран Республикалык психикалык оорулар боюнча борбордо каттоодо турат жана экинчи топтогу майып болуп саналат.

Факты боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө иштери уланууда.

Автотранспортторду каттоо жана айдоочулук күбөлүк берүү департаменти Мамлекеттик каттоо кызматына карайт. (ErN)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG