Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:47

Жол кырсыгына аралашкан майор иштен алынды


Төлөн Камчыбек уулу (оңдо) жабыркаган тарап менен. 4-январь, 2018-жыл.
Төлөн Камчыбек уулу (оңдо) жабыркаган тарап менен. 4-январь, 2018-жыл.

Бишкекте жол кырсыгын жараткан милициянын майору Төлөн Камчыбек уулу кызматтан алынды. ИИМдин басма сөз катчысы Бакыт Сеитовдун “Азаттык” радиосуна кабарлаганы боюнча, териштирүүдө анын мас абалында машине айдаганы далилденген.

- Бул боюнча тиешелүү иликтөөлөрдү жүргүзгөнбүз. Анын жыйынтыгында ошол милициянын майору ички иштер органдарынан биротоло айдалды. Ал эми окуя болгон жерде жүргөн, жол кырсыгынан кийин ошол жерге барган милиция кызматкери дагы ээлеген кызматынан бошотулду. Жол кырсыгы боюнча атайын протокол түзүлүп, экспертизанын жыйынтыгы менен административдик айып салынат.

4-январда Бишкектеги Байтик баатыр көчөсүнүн жогору жагында "Toyota avensis" жана "Toyota camry" унаалары cүзүшүп, экинчи автоунааны милициянын майору Төлөн Камчыбек уулу башкарып баратканы аныкталган. Милиция кызматкери аралашкан жол кырсыгы тууралуу видео Интернетке тарап, күбөлөр анын мас экенин айтышкан.

Төлөн Камчыбек уулу кырсыкка өзү күнөөлүү болгонун “Азаттыкка” билдирип, бирок жабыркаган тарап ага кол көтөргөнүн, милиция бул фактыны жашырууга аракет кылып жатканын билдирген. Милициянын майору жанында 12 миң сомдой акчасы болгонун, ал күнү ичкилик ичпегенин айтты. Ошол эле учурда Төлөн Камчыбек уулу бир күн мурун спирт ичимдигин ичкенин, экспертизада канынан алкоголь чыгышы мүмкүн экенин жокко чыгарган эмес.

Ал эми "Toyota avensis" автоунаасынын ичинде айдоочунун өзүнөн тышкары аялы жана үч баласы болгон. Окуядан балдар ар кандай деңгээлде жаракат алып, айдоочу Улан Орозалиевдин мээси чайкалган. (КЕ)

XS
SM
MD
LG