Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:47

Косоводо атылган сербиялык саясатчы жерге берилди


Белград, 18-январь
Белград, 18-январь

Косоводогу сербиялык саясатчы Оливер Иванович 18-январда жерге берилди.

Анын Белграддагы зыйнатына жүздөгөн киши, анын ичинде Сербиянын премьер-министри Ана Брнабич катышты. Ивановичти эки күн мурда Косовонун түндүгүндөгү Митровица шаарында атып кетишкен. Анын өлтүрүлүшү Балкандагы чыңалууну күчөттү. Эки өлкө ортосунда Евробиримдиктин ортомчулугу менен жүрүп жаткан сүйлөшүүлөрдүн убактылуу токтошуна алып келди.

Сербиянын президенти Александр Вучич саясатчынын киши колдуу болушун "теракт" деп атады. Өзү байистүү деп эсептелгени менен Иванович жетектеген "Жарандардын демилгеси партиясын" Сербия өкмөтү колдочу эмес. Маркумду Сербия тарыхындагы даңазалуу адамдар коюлган Ново Гробледеги көрүстөнгө коюшту.

XS
SM
MD
LG