Линктер

жекшемби, 19-август, 2018 Бишкек убактысы 02:49

Москва: базардагы өрттө жабыркагандардын арасында кыргызстандыктар жок


Иллюстрациялык сүрөт.

Москванын түштүк-чыгышындагы “Садовод” базарындагы чоң өрттөн жабыркагандардын арасында кыргызстандыктар жок. Бул тууралуу Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин өкүлү Гүлбарчын Байымбетова “Азаттык” радиосуна кабарлады.

- Негизи эле өрттөн жабыркагандар жок экен. Базарда ижарага орун алып иштеткендердин арасында бар-жогун да тактадык. Кыргызстандыктар жок экен, - деди ал.

Базарда өрт 17-январда болгон. Тилсиз жоонун себептери жана анын чыгымы эсептелүүдө. Баштапкы маалыматка караганда, базарда курулуш таштандылары күйүп кеткен. Болжол менен өрт чалган аймак 300 чарчы метр экени айтылууда.

Базарда 8 миңден ашуун соода павильондору бар. Анда негизинен кийим-кечек, балык уулоого, туризмге, бакчага керектүү буюм-тайымдар сатылат.

Өкмөттүн маалыматына таянсак, учурда сыртта иштеп-жашап жүргөн кыргызстандыктардын саны 750 миӊден ашат. Анын 616 миӊи Орусияда. Алардын арасында соода-сатык менен алектенгендери да арбын. (КЕ)

XS
SM
MD
LG