Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:46

“Республика – Ата-Журт” фракциясы жол коопсуздугун талкуулайт


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бүгүн, 19-январда Жогорку Кеңештин “Республика – Ата-Журт” фракциясы өкмөттүн жол коопсуздугун камсыз кылуу жана жол кырсыктарынын алдын алуу боюнча аракеттери тууралуу маалыматын угат.

Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдиргендей, депутаттардын суроолоруна Ички иштер министрлигинин Жол коопсуздугун камсыз кылуу башкармалыгынын жетекчилери, Транспорттук каражаттарды жана айдоочулук курамды каттоо департаментинин башчылары жооп беришет.

Премьер-министр Сапар Исаковдун буйругу менен былтыр ноябрда Кайгуул-күзөт кызматы Жол кыймыл коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы башкармалык болуп өзгөргөн. Кызматкерлердин кийими менен машинесинин түсү да өзгөрдү. Эксперттер кызматкерлердин тышкы формасы өзгөргөн менен натыйжа болорунан күмөн санап жатышат. (КЕ)

XS
SM
MD
LG