Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:01

Петербургда крым татарларын колдогон акция өттү


Акциядан бир көрүнүш.
Акциядан бир көрүнүш.

Ондон ашуун активист Невск проспектисине чыгып, крым татарларын куугунтуктоону токтотууну жана Орусия менен Украинанын ортосундагы эл аралык коомчулук тааныган чек араны калыбына келтирүүнү талап кылышты.

Петербургдагы “Тилектештик” демократиялык кыймылынын активисти Ольга Смирнова январь айында крым активисттерине карата куугунтук күчөгөнүн, Крымда пикетке чыккандарды жок кылуу аракети болуп жатканын айтып чыкты. Анын маалыматына караганда, адамдарды үйүнөн кармап кеткен, үй-жайын тинтип, социалдык тармактардагы пикирлери үчүн экстремизмге байланыштуу айыптаган учурлар көбөйгөн. Акциянын катышуучулары 18-январда кармалган Гирай Куламетовду бошотууну талап кылышты.

Буга чейин "Хьюман Райтс Вотч" укук коргоо уюму Крымда орус бийлиги жергиликтүү татарларды куугунтуктоону күчөткөнүн билдирген. Уюм өз баяндамасында Орусия аннексиялаган жарым аралда крым татарларын жактагандар, алардын ичинде журналисттер жана блогерлер да опузалоо менен зомбулукка кабылып жатышканын белгиледи. (КЕ)

XS
SM
MD
LG