Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:16

“Акылдуу шаардын” инвестору “Мегакомду” сатып алууга сунуш берди


"Мегаком" компаниясы.
"Мегаком" компаниясы.

“Мегаком” деген бренд менен таанымал “Альфа Телеком” компаниясын сатып алууга "АКА минералз энд майнинг" компаниясы сунуш берди. Бул тууралуу “Азаттык” радиосуна Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун директору Ренат Түлөбердиев кабарлады. Анын айтымында, учурда сунуш карала баштады. Анын шарттары, компаниянын баасы боюнча шарттар талкуулана элек.

"АКА минералз энд майнинг" компаниясы - кыргыз өкмөтү “Акылдуу шаар” долбоорун ишке ашыруу боюнча келишим түзгөн компаниялардын бири. Ал кытайлык "Huawei Technologies" компаниясы менен кошо “Акылдуу шаар” долбоорун ишке ашырууга инвестор болууга макулдук берген.

Ачык маалымат булактарында компаниянын буга чейин жасаган иши, ал катышкан долбоорлор тууралуу маалымат аз. Юстиция министрлигинин сайтында 2014-жылды октябрда кайра каттоодон өткөнү, жетекчиси жана негиздөөчүсү Курбанов Касым Муратович менен "АКА Петролеум" жоопкерчилиги чектелген коому экени көрсөтүлгөн.

Негизги ишмердиги "жаратылыш минералдарын жана тоо тектерин казуу" деп жазылган.

Өкмөт "Альфа Телекомду" алгач 2015-жылы сатыкка чыгарган. Андан бери үч жолу сынак жарыяланып, кызыккан инвестор чыкпагандыктан сатылган эмес. Акыры быйыл компаниянын баасы 13 миллиард 500 миллион сомго чейин төмөндөтүлүп, түз сатуу боюнча чечим кабыл алынган. (BkA)

XS
SM
MD
LG