Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:52

Чүйдө кармалган кишинин үйүнөн 16 кг нашаа табылды


Сокулуктан табылган нашаа.
Сокулуктан табылган нашаа.

Чүй облусунун Сокулук районунун 30 жаштагы Р.К. аттуу тургуну баңгизат алып-сатууга байланыштуу шек менен кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Билдирүүдө айтылгандай, ыкчам иликтөө иштеринин натыйжасында кармалган кишинин жанынан алгач 1 кг 870 грамм нашаа табылган. Тергөө учурунда ал баңгизаттын калган бөлүгүн үйүндө сактай турганын моюнга алган. Тинтүү жүргүзүлүп, анын турак жайынан дагы 14 кг 580 грамм нашаа (29 брикет) алынган. Натыйжада баңгизаттын жалпы салмагы 16 кг 450 граммды түзгөн.

Факты боюнча кылмыш иши козголуп, кармалган киши убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Тергөө уланууда. (ErN)

XS
SM
MD
LG