Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:35

Кенекеев: "Huawei Technologies" менен түзүлгөн келишим күчкө кире элек


Даир Кенекеев.
Даир Кенекеев.

“Акылдуу шаар” долбоорун ишке ашыруу боюнча кытайлык "Huawei Technologies" компаниясы менен кол коюлган келишим күчүнө кире элек. Бул тууралуу вице-премьер-министр Дайыр Кенекеев Жогорку Кеңештеги “Республика-Ата-Журт” фракциясынын жыйынында билдирди. Анын айтымында, 60 күндүн ичинде долбоорду ишке ашыруу боюнча техника-экономикалык негиздеме даярдалат.

Фракция жыйынынын жүрүшүндө депутаттар “Акылдуу шаар” боюнча түзүлгөн келишимдин текстин көрсөтүүнү талап кылышты.

Кенекеев техника-экономикалык негиздеме толук даярдалып, күчүнө кирген соң келишим кагаз жүзүндө фракцияларга жөнөтүлөрүн маалымдады.

Өткөн аптада кыргыз өкмөтү "Акылдуу шаар" долбоорун ишке ашыруу боюнча кытайлык "Huawei Technologies" компаниясы менен келишимге кол койгон. Анын алкагында кытайлык компания Бишкек менен Ош шаарына, Бишкек-Ош, Бишкек-Чолпон-Ата жолдоруна жана "Манас" аэропортуна кетчү жолго көзөмөл камераларын орнотууга, аларды техникалык жактан тейлөөгө 60 миллион долларлык инвестиция жумшамакчы.

Долбоор 1,5 жарым жылда ишке ашат. Жумшалган каражатты кыргыз өкмөтү беш жыл ичинде кайтарып бериши керек.

Буга чейин Инвестицияны илгерилетүү жана коргоо агенттигинин директору Эсенкул Момункулов долбоордун алкагында пилоттук негизде ушул айдын этегинде Ош жана Бишкек шаарында төрт кесилишке жабдуу орнотуларын билдирген эле. (BkA)

XS
SM
MD
LG