Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев Түндүк Кореяны өзөктүк дымагынан баш тартууга чакырды. Бул тууралуу ал 18-январда Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңешинин бүлгүн салуучу куралдарды жайылтууга каршы күрөшкө арналган жыйынында билдирди.
Ал 1990-жылдары Казакстан өзөктүк куралдан баш тартканын да башкалар үчүн өрнөк катары эске салды.
2018-жылдын январында БУУнун Коопсуздук кеңешинде төрагалык озуйпасын алган Казакстан өзөктүк куралдан арылып, тынчтыкка жетишүүгө, глобалдык согуш коркунучун жоюуга, аймактык чыр-чатактарды жөнгө салууга жана Борбор Азиянын кызыкчылыктарын коргоого, терроризмге каршы турууга артыкчылык берерин белгилеген.
Беш өлкө БУУнун Коопсуздук кеңешинин туруктуу мүчөсү. Ал эми он өлкө, анын ичинде Казакстан - эки жылга шайланган туруктуу эмес мүчөлөр.
Ушу тапта Нурсултан Назарбаев расмий иш сапары менен АКШда жүрөт.