Линктер

бейшемби, 18-октябрь, 2018 Бишкек убактысы 19:25

Борбордук Европадагы бороондун кесепетинен алты киши өлдү


Голландиядагы бороондун кесепети. 18-январь, 2017-жыл.

Бейшембинин кечинде Европанын борбордук бөлүгүндөгү бороон алты кишинин өмүрүн алды. Кулаган бактардын алдында калгандардын үчөө Голландиянын, дагы үчөө Германиянын тургундары болчу. Жараат алгандар да бар.

Саатына 140 чакырым ылдамдыкка жеткен бороон бактарды кулатып, үйлөрдүн чатырын учурду. Ал тургай ал айрым автоунааларды да аңтарып кеткен. Борбордук Европадагы айрым мамлекеттерде темир жол жана аба каттамдары убактылуу токтотулду.

Мындай бороон аймакта январдан бери экинчи ирет катталды. 3-январда Европанын батыш ыптасын каптаган "Элеанор" бороонунун кесепетинен үч киши өлгөн.

XS
SM
MD
LG