Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:49

HRW: Кыргызстанда сот адилеттиги сакталбайт


"Human Rights Watch" эл аралык укук коргоо уюму дүйнөдөгү адам укуктарынын абалы боюнча баяндамасын жарыялады. Баяндамада Кыргызстандагы абалга баа берилип, былтыркы эң башкы окуя катары президенттик шайлоо көрсөтүлгөн. Анда шайлоо тынч өткөнү менен административдик ресурсту колдонуу жана шайлоочуларга басым көрсөтүү, добуш сатып алуу сыяктуу мыйзам бузуу учурлары болгону белгиленген.

Ошондой эле укук коргоо уюму былтыр бир катар маалымат каражаттары миллиондогон доого жыгылышы, саясатчылардын, өзгөчө оппозициядагылардын сот жообуна тартылышы сот адилеттигине шек келтирерин белгилеген.

- Кыргызстандын тарыхы өзү көрсөткөндөй, бул өлкөдө сот адилеттиги сакталбайт. Айрыкча 2010-жылкы июнь окуясынан кийин көп кишилер соттордун адилетсиз чечимине дуушар болушту. Саясатчылардын сот иштери эмне болуп жатканынан биз жакшы кабардарбыз. Тилекке каршы, бийликтин каршылаштары негизсиз же толук далилденбеген кылмыш иштери менен абакка кесилип жатышат, - деди "Human Rights Watch" уюмунун Европа жана Борбор Азия бөлүмүнүн директору Хью Уильямсон.

Уильямсон адам укуктарынын абалын жакшыртуу, 2017-жылы Атамбаевдин тушундагы кемчиликтерди оңдоо жана тышкы дүйнөгө Кыргызстан адам укуктарын урматтаган мамлекет экенин көрсөтүү зарыл экенин кошумчалады.

"Хьюман Райтс Вотч" 90 өлкөдөгү адам укуктарынын абалын талдаган.

XS
SM
MD
LG