Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:00

Милиция кызматкеринин өлүмүнө шектүүнүн жубайы бийликке кайрылды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Ошто "милиция кызматкерин өлтүрдү" деп шектелген Дамир Шабыралиевдин жубайы Наргиза Ражапова укук коргоо органдарынан өзү жана үй-бүлөсү кыйноо көргөнүн айтып чыкты. Ал өзүнүн жана үй-бүлөсүнүн укуктарын коргоп берүү өтүнүчү менен президентке, башкы прокурорго, Жогорку Кеңештин спикерине кайрылуу жиберди. ​Ражапова "Азаттык" радиосуна үй-бүлөсү милиционердин өлүмүнө тиешеси жок экенин, кыйноо жөнүндө ачык айтып чыкканы үчүн өзүнө ар кандай жалаа жабуу аракети көрүлүп жатканын билдирди:

- Былтыркы окуядан кийин "Акипресс" агенттигинде журналисттерге маалымат жыйынын өткөргөм. Ошондон кийин 20-апрелде мага эч себепсиз эле 166-берене менен кылмыш ишин мыйзамсыз козгоп, камап коюшту. Кара-Суу райондук милициясынын убактылуу кармоочу жайына алып кирип, колу-бутумду кишендеп, бир кишилик камерада отургузуп, суу бербестен, электр жарыгын өчүрүп, ушундай оор кыйноолорго кабылдым.

ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгѳ каршы күрөш башкармалыгынын Оштогу бөлүмүнүн кызматкери, милициянын подполковниги, 44 жаштагы Таирбек Уларовдун сөөгү 2017-жылы 23-мартта Ош шаарына караштуу Учар айылында көчө боюнда токтоп турган машиненин ичинен табылган.

Көп өтпөй Ош шаардык ички иштер башкармалыгы ал башына жеген соккудан өлгөнүн, кылмышка шектүү катары төрт киши кармалганын билдирген. Шектүүлөр бир үй-бүлө мүчөлөрү - жубайлар, алардын баласы жана аялдын бир тууган иниси экенин, кылмышка кызганыч түрткү болгонун жарыялаган.

Кийинчерээк эне-бала абактан бошотулуп, калган экөө "киши өлтүргөн" деген кине менен камакка алынган.

Ал эми милиция Ражапованын айткандарын "куру доомат" деп атап келет. Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Замир Сыдыков Дамир Шабыралиев убактылуу кармоочу жайга киргизиле электе эле күнөөсүн моюнга алганын, анын баары видеого тартылып алынганын маалымдады.

Маркум Таирбек Уларовдун жакындары "тергөө калыс жүрдү, шектүүлөр туура аныкталды" деп эсептешет.

2017-жылдын он айында Башкы прокуратурага кыйноо боюнча 325 жаран жардам сурап кайрылган.

XS
SM
MD
LG