Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:01

Кайыпов: Түркия Жумгалга эт комбинатын курат


Түркиянын каржылоосу менен Нарын облусунун Жумгал районуна көмүрдү брикеттөө, этти кайра иштетүү комбинаттарын, кымызды экспорттоо жана жүндү кайра иштетүү ишканаларын куруу пландалууда. Бул тууралуу өкмөттүн Нарындагы өкүлү Аманбай Кайыпов билдирди.

Ал 11-январда Түркиянын Кастамону жана Анкара шаарынын Этимесгут райондоруна иш сапары менен барып, бийлик өкүлдөрү, ишкерлер менен экономикалык-социалдык багытта кызматташуу боюнча сүйлөшүп келген. Түркия тарап аталган ишканаларды ачууга кызыкдарлыгын маалымдап, эки тараптуу макулдашууларга кол коюлган.

Кайыпов 2014-жылы да жапон ишкерлер Нарындын балына кызыгып калганын, облустан өндүрүлгөн бал эми Жапонияга экспорттолорун жарыялаган болчу. Бирок жапон ишкерлери келген эмес. Алар бал алуудан баш тартканын жолдун узактыгы менен түшүндүрүшкөн. (MiK)

XS
SM
MD
LG