Американын Конгрессинин Жогорку палатасы бюджет тууралуу мыйзам долбоорун бекиткен жок, көптөгөн мамлекеттик мекемелер убактылуу жабылды. Алар расмий түрдө ишембиге караган түнү ишин токтотту жана качан кайра иштей баштаары азырынча белгисиз.
Сенаттын эрежеси боюнча кандай гана каржылык мыйзам долбоору болбосун 60 добушка ээ болушу керек. Ал эми бюджет долбоору 51 гана добуш алды. 44 демократ жана төрт республикачыл сенатор "каршы" добуш беришти.
Демократтар республикачыларды АКШда көбөйүп кеткен иммигранттарды легалдаштырууга көндүрүү үчүн долбоорду колдобой турганын көптөн бери эскертип келишкен.
АКШ президенти Дональд Трамп менен сенаттагы азчылыктын лидери Чарльз Шумер буга жол бербөө аракетин көрүп, бирок андан натыйжа чыккан жок. Ал арада республикачылар менен демократтардын ортосунда сүйлөшүү уланууда. Ак үйдүн бюджет башкармалыгынын жетекчиси тараптар жакынкы күндөрдө мунаса табышы мүмкүн деп билдирди.