Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:38

Өкмөт: Сапар Исаковдун Мергенбаевдин камалышына тиешеси жок


Чолпон-Атадагы ат майдандын курулушу. 18-август, 2014-жыл (архивдик сүрөт).
Чолпон-Атадагы ат майдандын курулушу. 18-август, 2014-жыл (архивдик сүрөт).

Өкмөттүн коомчулук жана жалпыга маалымдоо каражаттары менен байланыш бөлүмү парламент депутаты Жанар Акаевдин билдирүүсүнө жооп берди.

Анда ишкер Эркинбек Мергенбаев Бишкек шаардык сотунун чечими менен күнөөлүү деп табылып, алты жылга эркинен ажыратылганы, кылмыш ишин Башкы прокуратура 2015-жылдын 11-сентябрында козгогону эске салынган.

"Иликтөөнүн жүрүшүндө бир нече жолу курулуш-техникалык жана соттук-эсептик экспертизалар жүргүзүлдү. Алардын баары иштин акысы жогорулатылганын көрсөттү. Мындан тышкары Мергенбаев тарабынан ипподромго алып келинген отургучтар Кыргызстандын аймагына бажы көзөмөлүсүз жана төлөмүсүз киргизилгени аныкталды. Премьер-министрдин тергөө менен соттук жараянга кийлигишүү укугу жок. Сапар Исаков сотко жана анын андан аркы аракеттерине басым болбошу үчүн чыгарылган чечимге комментарий бербейт", - деп айтылат өкмөттүн билдирүүсүндө.

Ошол эле кезде депутат Жанар Акаевдин "Ууру жүрөт, карма ууруну карма деп" деген билдирүүсү туура эмес маалыматка негизделгени, ал "мазактоо" мүнөзүндө жазылганы белгиленген.

17-январда "Азаттыкка" Көчмөндөр оюндарына карата Чолпон-Атадагы ат майданды курган “Темир канат” ишканасынын башчысы Эркинбек Мергенбаевдин камалышы боюнча макала чыккандан кийин Жанар Акаев "Фейсбуктагы" баракчасына "буга премьер-министр Сапар Исаковдун катышы бар" деген ойду калтырып, бийликти адилеттүү болууга чакырган.

Жогорку сот Эркинбек Мергенбаевге шаардык соттун чечими былтыр ноябрда чыкканын ырастаган. Ал Кылмыш-жаза кодексинин 204-беренесинин 3-бөлүгүнүн бешинчи пункту ("Аткезчилик"), 210-беренесинин 3-бөлүгү ("Салыктан качуу") боюнча алты жылга эркинен ажыратылып, үй-мүлкү конфискацияланып, жазасын күчөтүлгөн тартиптеги абакта өтөй турганы ачыкка чыккан.

Мергенбаевге ат майданына "отургучтарды Кытайдан аткезчилик жол менен алып келген, салыкты жашырган" деген кине коюлган.​

XS
SM
MD
LG