Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:51

Москвада 5-кабаттан кулап кеткен келинге Бишкекте операция жасалат


Жаркынай Юсупова.
Жаркынай Юсупова.

Орусиянын Москва шаарында бешинчи кабаттан кулап кетип, оор жаракат алган кыргызстандык Жаркынай Юсупова Бишкекке алып келинди. Ага жардам берүү акциясын уюштуруп жүргөн активист Дайырбек Орунбеков билдиргендей, жабыркаган жаранга Москвадагы мекендештер акча чогултушту.

Маалыматка караганда, Юсуповага Бишкектеги травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунун директору, академик Сабырбек Жумабеков операция жасайт.

28 жаштагы Жаркынай Юсупова быйыл 1-январда Москвада өзү жашаган үйдөгү терезенин пардасын оңдоп жатып, 5-кабаттан кулап кеткен. Жамбашы жана бели сынган. Шаардагы клиникалык ооруканага жаткырылып, операция жасалган. Дарыгерлер анын абалы оор экенин, камсыздандыруу полиси жок болгондуктан кийинки операциялар өз эсебинен жүргүзүлөрүн билдиришкен.

Юсуповага операция жасаш үчүн 300 миң рубль керектелери айтылып, коомчулуктан жардам суралган.

Жаркынай Юсупова Жалал-Абаддын Майлуу-Суу шаарынан болот. 2007-жылдан бери Москвага барып келип эмгектенип жүргөн.

XS
SM
MD
LG