Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:40

Германия: социал-демократтар коалиция түзүү боюнча сүйлөшүүгө даяр


Канцлер Ангела Меркел жана Социал-демократиялык партиянын лидери Мартин Щульц.
Канцлер Ангела Меркел жана Социал-демократиялык партиянын лидери Мартин Щульц.

Германияда социал-демократтар канцлер Ангела Меркел башында турган Христиан-Демократиялык союз менен коалиция түзүү тууралуу сүйлөшүүлөрдү баштоого добуш беришти.

"Рейтерс" маалымдагандай, бул чечим бир нече айга созулган саясий белгисиздиктен кийин жасалган алгачкы кадам болду. Социал-демократтардын лидери Мартин Шульц билдирегендей, бул союз ашынган оңчулдарга каршы турууга мүмкүнчүлүк берет.

Январь айынын башында Меркел менен Шульц келечектеги коалициянын "алдын-ала долбоору" делген 28 барактан турган документ иштеп чыгышкан.

Сүйлөшүүлөр жакынкы күндөрү башталат деп күтүлүүдө.

Бундестагга шайлоо былтыр сентябрда өткөрүлгөнү менен өкмөт түзүү аракеттеринен майнап чыкпай, өлкө саясий кризиске кептелген. Маалыматтар боюнча, Меркел кызматын сактап калмакчы.

XS
SM
MD
LG