Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:53

Песков Путин менен Порошенконун жолугушуусу тууралуу сөздөрдү четке какты


Дмитрий Песков.
Дмитрий Песков.

Орусия президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков өзүнүн президент Путин тууралуу сөзүн айрым басылмалар өзгөртүп берип жатканын айтып чыкты. Жекшембиде айрым маалымат каражаттары Песковдун "Россия-1" телеканалы үчүн курган маегинде Путин менен Порошенконун коомчулукка жарыяланбаган жолугушуулары бар экенин билдиргенин жазышкан. Орусиялык агенттиктердин Песковдун сөзүнө шилтеме берип жазган маалыматтарын расмий Киев дароо жокко чыгарган.

"Россия-1" телеканалынын кабарчысы Путин менен Порошенконун акыркы жолугушуусу качан болгонуна кызыгып, "өткөн жылы алардын айрым байланыштары маалымат каражаттарына бир айдан кийин гана кабарланганын" кыйыткан.

Былтыр май айында украин президенти эки ай мурун Орусиянын президенти менен телефон аркылуу сүйлөшкөнүн айтып чыккан. Бул сүйлөшүү тууралуу учурунда Кремл үн каткан эмес.

Песков ТАССтын кабарчысы менен болгон маегинде "Эч ким эч кандай жолугушуу тууралуу айткан эмес. Мен маекте мындай жолугушуулар болгонун айткан эмесмин" деп түшүндүргөн.

Ал сөз Путин менен Порошенконун жолугушуулары тууралуу болбогонун, президенттин бардык эле жолугушуулары, байланыштары ачык айтыла бербестигин эскертип, бул кадимки жумуш тартиби экенин билдиргенин ТАСС жазып чыкты.

XS
SM
MD
LG