Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:26

Бишкекте акын Эгемберди Эрматовду эскерүү кечеси болот


Эгемберди Эрматов.
Эгемберди Эрматов.

"Мени издесең ырларымдан табасың" деп аталган эскерүү кечеси 25-январда Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармонияда өтөт. Мамлекеттик тил комиссиясы "Азаттыкка" маалымдагандай, кечеде акындын ырлары окулуп, жаш акындар Эгемберди Эрматовго арналган чыгармаларын аткарышат.

Акын, драматург, котормочу, публицист жана коомдук-саясий ишмер Эгемберди Эрматов былтыр 24-январда 66 жашында оорудан каза болгон.

Эгемберди Эрматов «Шаар жана тоолук», «Өмүр издери», «Туяктын ыры», «Саймалуу таш», «Махабат», «Исфайрам авазы» аттуу ыр китептерин, "Аксаткын менен Мырза уул" драмалык чыгармасын, «Мухаммед пайгамбар» дастанын жазган. Чыгармаларынын жети томдугу жарык көргөн.

2010-жылы КСДП партиясынан Жогорку Кеңешке депутат болуп шайланган. 2013-2017-жылдары Президентке караштуу мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасы болуп иштеген. (ZKo)

XS
SM
MD
LG