Линктер

ишемби, 23-июнь, 2018 Бишкек убактысы 06:50

Жусуп Баласагын атындагы улуттук университеттин журналистика факультетинин студенттери ректорго кайрылуу жазышты. Алар өздөрү окуп жаткан университеттин 8-окуу имаратында билим алууга мүмкүн эмес экенин белгилеп, эскилиги жеткен имарат оңдоп-түзөөгө муктаж экенин билдиришкен. Кайрылуу ээлери ошондой эле журналистика факультетинде окууга акы төлөнөөрүн белгилеп, төлөнгөн акчанын эсебинен ректорат студенттерге окуу үчүн "жакшы шарт түзүп берүүгө милдеттүү" экенин эскертишкен.

Улуттук университеттин журналистика факультети 8-окуу имаратына өткөн жылдын 1-сентябрынан тартып көчүрүлгөн. Ага чейин факультет окуу жайдын башкы окуу имаратында жайгашып келген. Журналистика факультетинин теле жана радио студиялары да башкы имаратта жайгашкан.

Улуттук университеттин жетекчилигинен бул боюнча пикир алууга азырынча мүмкүнчүлүк болгон жок. (ZKo)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG