Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:17

“Гараж 312” түнкү клубунун кызматкерлери камакка алынды


"Гараж 312" клубунун кире бериши.
"Гараж 312" клубунун кире бериши.

ИИМдин баңгизатты мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы 21-январдын таңында Бишкектеги “Гараж 312” түнкү клубунда атайын операция өткөрүп, клубдун айрым кызматкерлерин баңгизаттарды жана психотроптук затты мыйзамсыз сатып жүргөнү үчүн шектүү катары камакка алды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынын өкүлү Карима Аманкулова “Азаттыкка” билдирди. Ал текшерүүнүн жыйынтыгында клубдагы эс алуучулар да наркологиялык текшерүүдөн өткөнүн кошумчалады.

- Операциянын жүрүшүндө түнкү клубдун алып баруучусунан, барменден жана айрым официанттардан тыюу салынган баңгизат алынды. Мындан тышкары баңгизаттарды колдонуу үчүн атайын аспаптар табылды. Клубдагы 32 эс алуучу наркологиялык текшерүүдөн өтүп, беш кишинин канынан баңгизат чыкты, - деди ал.

ИИМ учурда Кылмыш-жаза кодексинин 247-("Баңгизаттарды, психотроптук заттарды, алар менен бирдей заттарды же прекурсорлорду башка бирөөгө берүү максатында мыйзамсыз даярдоо, сатып алуу, сактоо, ташуу, жөнөтүү, ошого тете эле мыйзамсыз өндүрүү же берүү"), 252-("Баңгизаттарды же психотроптук заттарды колдонуш үчүн көмүскө жайларды уюштуруу же күтүү") беренелери боюнча иш козгоду. Шектүүлөр камакка алынып, тергөө уланууда. (SDz)

XS
SM
MD
LG