Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:24

Кабулдагы чабуулда мерт болгондор 30 кишиге жетти


Кабулдагы кол салууга кабылган мейманкана.
Кабулдагы кол салууга кабылган мейманкана.

Ооганстандын борбору Кабулдагы "Интерконтинентал" мейманканасындагы чабуулдан мерт болгондордун саны кеминде 30 адамга жетти. Бийлик өкүлдөрүнүн маалыматына ылайык, талибдердин кол салуусунан курман болгондордун арасында 14 чет өлкөлүк жаран, мейманканын кызматкерлери жана коопсуздук күчтөрүнүн өкүлдөрү бар.

20-январдын кечинде армия кызматкерлерине окшоп кийинген адамдар Кабулдагы белгилүү мейманканага кирип келип, ок атып, мейманкананын бөлмөлөрүнөн чет өлкөлүктөрдү жана ооган аткаминерлерин издей башташкан. Алты согушкер атып өлтүрүлгөнү кабарланды.

Жекшембиде эртең менен аяктаган операцияда 150дөн ашык киши, анын ичинде 40 чет өлкөлүк жаран куткарылды. Мейманканага кол салуу үчүн талибдер жоопкерилик алышты.

XS
SM
MD
LG