Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:32

БУУнун Коопсуздук кеңеши Африндеги кырдаалды талкуулайт


Түркия менен Сириянын чегиндеги түрк танкасы.
Түркия менен Сириянын чегиндеги түрк танкасы.

Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңеши Франциянын өтүнүчү менен Сириянын Африн аймагындагы гуманитардык кырдаалды талкуулаганы жатат. 20-январда Түркиянын армиясы күрттөр көзөмөлдөгөн бул аймакта аскердик операциясын баштаган.

Коопсуздук кеңешинин жыйыны 22-январда Нью-Йорк убактысы боюнча 11:30да башталат. Анда Сирия өкмөтүнүн Идлиб жана Чыгыш Гута аймактарындагы аскердик операциялары тууралуу да сөз болот.

Түркия АКШ колдогон күрттөрдүн Элдик коргонуу кошуунун (YPG) Африн аймагынан сүрүп чыгууну көздөп жатат. Кошмо Штаттар түрк армиясынын операциялары аймактагы чыңалууну күчөтөт деп билдирген.

Өткөн аптада түрк президенти Режеп Тайып Эрдоган АКШнын күрт жоочуларына 30 миң кишиден турган коопсуздук кошуундарын түзүүгө жардам берүү планын кескин сынга алып, бул кошуундар түзүлө электе эле жок кылынаарын айткан эле.

XS
SM
MD
LG