Рохинжа качкындарынын нааразылыгынан улам аларды Бангладештеги лагерлерден кайра Мьянмага көчүрүү аракети убактылуу токтотулду. Бул тууралуу Бангладештин качкындар боюнча комиссары Мохаммад Абул Калам "Ассошиейтед пресс" агенттигине билдирип, качкындарды көчүрүү багытында кошумча камылгалар көрүлүшү керек экенин айтты. Эки өлкө ушул шейшембиден тартып жумасына 1,5 миң адамды кайра артка кайтарып турууну макулдашкан эле.
Бангладештеги лагерде жашап жаткан рохинжа мусулмандары Мьянмага барганда "куугунтукка кабылабыз" деп чочулап жатышат.
- Эгер бизди зордоп артка жөнөтөбүз дешсе, барбайбыз! Мьянманын бийлиги биздин укуктарыбызды камсыз кылып, акыйкаттык орнотсун. Тоноп кеткен мүлк-оокаттарыбызды кайтарып, күнөөлүүлөрдү жоопко тартсын, - деди качкындардын бири Сайид Нур "Рейтер" агенттигине.
Өткөн жылдын августунда башталган куралдуу жаңжалдан кийин Мьянмадан 650 миңден ашуун рохинжалар коңшу Бангладешке өтө качкан. Ал кандуу окуяны Бириккен Улуттар Уюму "этностук тазалоо" деп баалап, жергиликтүү бийликти сынга алган. Мьянманын бийлиги бул боюнча дооматтарды четке кагып келатат. Ал качкындарды кайра көчүрүп келиш үчүн атайын лагерлерди куруп жатканын билдирүүдө.