Линктер

шейшемби, 21-август, 2018 Бишкек убактысы 22:41

АКШ Сенаты үч жумалык бюджетти жактырды


Вашингтондогу Капитолий.

Дүйшөмбүдө АКШ Сенаты үч күндөн бери тушалып калган өкмөттүн ишин жандантууга жол ачкан үч жумалык бюджет тууралуу мыйзам долбоорун жактырды.

Ошентип, федералдык өкмөт 8-февралга чейин кадимкидей иштөөгө мүмкүнчүлүк алды. Сенаттагы республикачыл көпчүлүктүн лидери Митч Макконнелл сенаторлорду жакынкы күндөрү бала чагында ата-энеси мыйзамсыз жолдор аркылуу АКШга алып келген 800 миңдей жаш иммигранттарды коргой турган мыйзам долбоорун сунуш кыла турганына ишендиргенден кийин ушундай мунаса табылды. Андай иммигранттарды англисче "dreamers" же "кыялкечтер" деп атап жүрүшөт.

Демократтардын Сенаттагы өкүлү Чак Шумер "өкмөттүн ишин кайра жандантыш үчүн добуш бердик" деп белгилеп, мунаса чечимдин негиздерин даярдаган кош партиялуу топко ыраазычылык билдирди. Өткөн жума күнү түн ортосуна чейин Сенаттын мүчөлөрү мунасага келбей, бюджетти бекитпей койгондон кийин АКШ өкмөтүнүн иши кризиске учураган.

XS
SM
MD
LG