Линктер

шаршемби, 21-ноябрь, 2018 Бишкек убактысы 12:00

Ысык-Көлдө көчкү алдында калган адам изделүүдө


Иллюстрациялык сүрөт.

Жети-Өгүз районунун үч тургуну 21-январь күнү саат 17:00 чамасында Көк-Жайык жайлоосунун Телти деген жеринде отун терип жүргөн кезде кар көчкү жүргөн. Натыйжада 38 жаштагы Р. Ашымбаев көчкү алдында калган.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз катчысы Абдышарип Бекиловдун "Азаттык" радиосуна билдиргени боюнча, кырсык тууралуу маалымат министрликтин аймактык башкармалыгына кеч жеткен.

- Издөө иштерин жүргүзүш үчүн куткаруучу топ 22-январь күнү саат 23:30 чамасында "Жети-Өгүз курорту” айылынын 30дай тургуну менен кошо Телти участогун көздөй жөнөп кеткен, - деди Бекилов.

Издөө иштерине жергиликтүү тургундар да тартылды. Азырынча так маалымат жок. (ZKo)

XS
SM
MD
LG