Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:00

Казакстанда жолдо калган автобустун жүргүнчүлөрү куткарылды


Актөбөдө өрттөнгөн автобус.
Актөбөдө өрттөнгөн автобус.

Астана – Петропавловск трассасында "Van Hool" үлгүсүндөгү автобус күйүүчү майы тоңуп жүрбөй калган. Казакстандын полициясы билдиргендей, салондо 43 жүргүнчү – эки айдоочу, Түштүк-Казакстан облусунун тургундары жана Өзбекстандын жарандары болгон.

Куткаруу кызматы жүргүнчүлөрдү Шортанды районунун Бозайгыр айылындагы жылынуу пунктуна алып келип, ысык тамак, түнөө үчүн орун берген.

Дүйшөмбүгө караган түнү полиция кызматкерлери Буланды районунда Мерке-Тюмень каттамы боюнча баратып бузулуп калган "Setra" автобусунун айдоочуларына жана жүргүнчүлөрүнө жардам көрсөтүшкөн. Салондо 55 киши болгон.

Катуу сууктан улам Акмоло облусунда коомдук транспорт үчүн бардык багыттар боюнча жолдор жабылды. Полиция күчөтүлгөн тартипте иштеп жатат.

Өткөн аптада Казакстандын Актөбө облусундагы Самара-Шымкент автожолунда жүргүнчү ташыган автобус өрттөнүп, 52 киши каза болгон. Алар Орусияга иштегени бараткан өзбек жарандары экени аныкталды. Кырсыктан беш киши гана аман калган.

XS
SM
MD
LG