Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:49

Милиционерге кол көтөрдү деп шек саналган кызматкер камалды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын өкүлү Бишкекте кафелердин биринде бейбаштык кылды жана милицияга кол көтөрдү деп шек саналууда. Бул тууралуу бүгүн Ички иштер министрлиги кабарлады.

Мекеменин маалыматына караганда, окуя дүйшөмбүгө караган түнү болгон. Кафенин кызматкерлери коноктордун бири мас болуп алып коомдук тартипти бузуп, идиштерди талкалап, күзөтчүлөр менен чырдашып жатканын айтып милицияга кайрылышкан. Ички иштер бөлүмүнө алып келгенден кийин да ал бейбаштыгын уланткан.

Териштирүүдөн кийин ал адам Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мекемесинин ыкчам кызматкери, 34 жаштагы жаран экени аныкталды.

Ага карата Кылмыш-жаза кодексинин 341-беренесинин ("Бийлик өкүлүнө карата күч колдонуу") негизинде иш козголду. Өзү милициянын убактылуу кармоочу жайына камалды. Иликтөө жүрүп жатат. (RK)

XS
SM
MD
LG