"Баткендин күрүчү кыргыз бренди менен сатылса"
Кадамжай районунун Ак-Турпак аймагында күрүчтүн беш түрү эгилет. Жергиликтүү эл алган түшүмүн кошуна өлкөлөргө сатуудан башка аргасы жок. Мындан улам айтылуу актурпак күрүчү башка өлкөнүн бренди менен чет жакка экспорттолот. Жергиликтүү деңгээлде күрүчтү кайра иштетүүгө аракет болгону менен анын акыбети кайта элек.