Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:30

ӨКМ: Аптанын соңунда суук түшүп, түнкүсүн -30га жетет


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Аптанын соңунда Кыргызстанда аба ырайы өзгөрүп, суук түшөт. Синоптиктер бүгүн тараткан маалыматка караганда, 26-январда абанын температурасы төмөндөп, Чүй, Талас өрөөндөрүндө түнкүсүн -15…-20°, күндүз -10…-15°, Чүй облусунун түндүгүндө түнкүсүн -20…-25°, күндүз -12…-17°, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө түнкүсүн -9…-14°, күндүз 0…-5°, Ысык-Көл ойдуңунда түнкүсүн -15…-20°, күндүз -2…-7°, Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында жана тоолуу райондордо түнкүсүн -25…-30°, күндүз -15…-20° суук болот.

Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы кээ бир райондордо секундасына 17-22 метрге жетет.

27-29-январда абанын температурасы дагы төмөндөп, түнкүсүн Чүй, Талас өрөөндөрүндө -20…-25°, Чүйдө -25…-30°, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө -11…-16°, Ысык-Көл ойдуңунда -17…-22°, Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында жана тоолуу райондордо -30…-35° жетет.

Мындай аба ырайы жайыттарда мал кармоону, автоунаалардын жүрүшүн, энергетика тармагынын жана коммуналдык кызматтардын ишин кыйындатат.

XS
SM
MD
LG