24-январда Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде бир аз кар жаайт. Түндүк-батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүйдө түнкүсүн -10...-15, күндүз -3...-8,
Таласта түнкүсүн -10...-15, күндүз -1...-6;
Баткен, Ош, Жалал-Абадда түнкүсүн 0...-6, күндүз 1...6;
Ысык-Көлдө түнкүсүн -3...-8, күндүз -2...+3;
Нарында түнкүсүн -20...-25, күндүз -11...-16;
Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -22...-27, күндүз -9...-14;
Бишкекте кар жаабайт. Абанын түнкү төмөнкү температурасы -11…-13°, күндүзгү жогорку температурасы -5…-7°.