Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:02

Британияда Литвиненконун өлүмүнө айыпталгандардын активдери камакка алынды


Андрей Луговой менен Дмитрий Ковтун.
Андрей Луговой менен Дмитрий Ковтун.

Британиянын бийлиги Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматынын мурдагы кызматкери, Лондондо киши колдуу болгон Александр Литвиненконун өлүмүнө байланыштуу айыпталган эки орусиялыктын активдерин камакка алды. Андрей Луговой менен Дмитрий Ковтундун активдерин камакка алуу тууралуу буйрук 22-январда чыкты.

21-январда жасаган билдирүүсүндө, Литвиненконун өлүмүнүн себептерин иликтеген комиссиянын башында турган судья Робер Оуэн кылмышка Луговой жана Ковтун барган деген ишеничте экенин айтты. Оэундин айтымында, орусиялык жарандар 2006-жылдын 1-ноябрында Литвиненко менен жолугушуп, анын чайына полоний 210 затын кошуп салышкан. Андан көп өтпөй Орусиянын президенти Владимир Путинди ачык эле сындап келген Литвиненко каза болгон.

Луговой да, Ковтун да Литвиненконун өлүмүнө тиешеси бар экенин четке кагып келишет. Анткен менен британиялык тергөөчүлөр полоний 210дун издерин Луговой барган мейманканадан, ал түшкөн учактан табышкан. КГБнын мурдагы офицери Луговой 2007-жылы Мамлекеттик Думанын депутаты болуп шайланган. Путин 2015-жылы аны "Мекенге өтөгөн эмгеги үчүн" ордени менен сыйлаган.

XS
SM
MD
LG