Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:41

Өспүрүмдөргө экстремизмдин кесепети тууралуу маалымат берилди


“Балдар - биздин келечегибиз! Экстремизмге, терроризмге жана кылмыштуулукка жол жок” акциясы Улуттук филармонияда өттү.
“Балдар - биздин келечегибиз! Экстремизмге, терроризмге жана кылмыштуулукка жол жок” акциясы Улуттук филармонияда өттү.

Бишкекте өспүрүмдөр арасында кылмыштуулуктун алдын алууга, экстремизмге жана терроризмге каршы күрөшүүгө арналган акция өттү.

Улуттук филармониянын чоң залында өткөн иш-чараны Ички иштер жана Билим берүү министрликтери чогуу уюштурду.

Балдарга лекциялар окулуп, театрлаштырылган оюндар көрсөтүлдү.

Бишкек шаарынын ички иштер башкы башкармалыгынын башчысы Сталбек Рахмановдун билдиргенине караганда, былтыр баш калаада үйүнөн качып кеткендердин саны январь айында 9 өспүрүм болсо, быйыл жыл башынан бери 20га жетти. Шаардык милициянын башчысынын айтымында, балдардын кароосуз калып жатканына ата-энелердин мигрант болуп чет жактарга кетип калышы да себеп болууда.

ИИМдин маалыматына караганда, былтыр Кыргызстанда түрдүү экстремисттик багыттагы 32 сайт жабылган.

УКМК Сирия менен Ирактагы согушкерлердин катарына кошулуп кеткен кыргызстандык жарандардын саны 500дөн ашканын, алардын айрымдары ошол жактан каза тапканын маалымдаган. (KR)

XS
SM
MD
LG