Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:25

Окуучу кызды жаакка чапкан мугалимдин окуясы териштирилүүдө


Сүрөт видеодон алынды.
Сүрөт видеодон алынды.

Бишкек шаардык билим берүү башкармалыгы окуучуга кол көтөргөн мугалим тууралуу видеонун чоо-жайын териштирип жатат. Бул тууралуу бүгүн “Азаттык” радиосуна башкармалыктын өкүлдөрү кабарлашты.

Окуя качан жана кайсы жерде болгону белгисиз.

Билим берүү жана илим министрлиги бул маселе боюнча шаардык башкармалыкка кайрылуу керек экенин билдирди.

Бүгүн Интернеттеги социалдык түйүндөрдө чөнтөк телефонго тартылган кыскача видео тарады. Анда арткы партада отурган окуучу кыз мугалим менен айтышып жатканын, ачууланган мугалим аны бетке бир чаап, орой сөз менен урушканын көрүүгө болот. Чырга эмне себеп болгону белгисиз. (RK)

XS
SM
MD
LG