Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:18

Звягинцевдин "Сүйүү эмес" тасмасы "Оскарга" көрсөтүлдү


Тасмада ата-энеси ажырашып жатканда дайынсыз жоголуп кеткен 12 жаштагы өспүрүмдүн оор тагдыры сүрөттөлгөн.
Тасмада ата-энеси ажырашып жатканда дайынсыз жоголуп кеткен 12 жаштагы өспүрүмдүн оор тагдыры сүрөттөлгөн.

Орусиялык режиссер Андрей Звягинцевдин "Сүйүү эмес" деген тасмасы "Чет тилдеги мыкты фильм" категориясында Америка киноакадемиясынын "Оскар" сыйлыгына көрсөтүлдү. Бул тууралуу маалымат 23-январда академиянын "Твиттердеги" баракчасына жарыяланды.

Кыска тизмеге чилилик режиссер Себастиан Лелионун "Фантастикалык аял", венгриялык режиссер Ильдико Эньединин "Дене жана жан туралуу", ливандык режиссер Зиад Дуэринин "Кемсинтүү" жана швециялык режиссер Рубен Эстлунддун "Чарчы" тасмасы да кирди.

Звягинцевдин "Сүйүү эмес" тасмасында ата-энеси ажырашып жатканда дайынсыз жоголуп кеткен 12 жаштагы өспүрүмдүн оор тагдыры сүрөттөлгөн. Ал өткөн жылдан бери бир катар орусиялык жана дүйнөлүк сыйлыктарга татыды. Алардын арасында 2017-жылы өткөн Канн фестивалынын калыстар тобунун атайын сыйлыгы да бар.

Бул Звягинцевдин "Оскар" сыйлыгына көрсөтүлгөн экинчи тасмасы. 2015-жылы кыска тизмеге анын "Левиафан" фильми кирип, бирок жеңишке жеткен эмес.

XS
SM
MD
LG