Азербайжанда алдыңкы оппозициячыл саясатчы "акчаны мыйзамсыз жол менен чек арадан алып өткөн" деп айыпталып, үч жылга абакка кесилди. "Элдик фронт" партиясынын төрагасынын орун басары Гөзел Байрамлы өткөн жылдын май айында коңшу Грузиядан Азербайжанга кайтып келатканда кармалган.
Азербайжандын чек ара кызматы билдиргендей, Байрамлы айым жанындагы 12 миң доллардын тек-жайын түшүндүрө алган эмес.
Мындан улам, 23-январда Азербайжандын түндүк-батышындагы Казак аймактык соту Байрамлыны "12 миң долларды аткезчилик жолу менен алып өткөнгө аракет кылган" деп таап, үч жылга абакка кесүү чечимин чыгарды.
Бул тууралуу саясатчынын адвокаты Элчин Садыков билдирди. Анын айтымында, бул иштин саясий мүдөөсү бар.
Байрамлы өзү да ага тагылган күнөөнү четке кагып, акчаны анын сумкасына атайылап тымызын салып коюшканын билдирип келет.
"Элдик фронт" партиясынын ондогон мүчөлөрү соңку бир нече жыл ичинде ар кандай айыптар боюнча камакка алынышкан.
Мунайга бай бул мамлекеттин президенти Илхам Алиев өзүнө каршы сын айткан журналисттерди, укук коргоочуларды жана коомдук активисттерди эч кандай негизсиз камап келгени үчүн эл аралык уюмдардын сынына кабылып келет. Президент өзү адам укуктарын бузуп жатканын эч качан мойнуна алган эмес.