Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:38

Улуттук университеттин жетекчилиги нааразы студенттер менен жолугушту


Кыргыз улуттук университети.
Кыргыз улуттук университети.

Жусуп Баласагын атындагы улуттук университеттин жетекчилиги №8 окуу имаратынын абалына доомат коюп, окууга ыңгайлуу шарт түзүп берүүнү талап кылган студенттер менен жолугушту. Бул тууралуу окуу жайдын журналистика факультетинин 4-курсунун студенти Алымбек Бектурганов "Азаттык" радиосуна билдирди. Анын айтымында, студенттер менен ректордун чарбалык иштер жана окуу-тарбия иштери боюнча орун басарлары жолугушуп, №8 окуу корпусу оңдоп-түзөлөрү айтылды.

- Бизге окуу үчүн төлөп жаткан акчабыздын кайда кетип жатканы тууралуу маалымат берилди. Ошондой эле "№8 окуу имаратын оңдоп беребиз, ал үчүн тендер өткөрүлөт" деп айтышты. Кийинки жумадан тартып окуу корпусу оңдоп-түзөөгө жабылат экен. Журналистика факультетинин студенттери экиге бөлүнүп, жарымыбыз 2-окуу корпусунда окуйт экенбиз. Ал эми биздин "башкы окуу имаратына көчүргүлө" деген талабыбыз кийинки жылы каралмай болуптур.

Жусуп Баласагын атындагы улуттук университеттин журналистика факультетинин студенттери өздөрү окуп жаткан №8 окуу имараты билим алууга жараксыз экенин билдирип, окууга шарт түзүп берүү жана мурда окуп келишкен башкы окуу корпусуна которуп берүүнү талап кылып окуу жайдын жетекчилигине кайрылышкан.

Улуттук университеттин жетекчилиги окуу жайда аудиториялар жетишсиз болуп жатканын, бул мурдатан эле келе жаткан көйгөй экенин маалымдаган. (ZKo)

XS
SM
MD
LG