Салык комитети тараткан маалыматка караганда, эстрада жылдыздары патентсиз тойлордо ырдап, жеке концерттерин беришүүдө.
Тажикстандын Салык кодексине ылайык, 2013-жылдан тарта шоу-бизнес өкүлдөрү мамлекеттик бюджетке ай сайын 540 сомони (60 доллардан ашык) төлөөгө милдеттендирилген. Буга чейин артисттердин кирешесине жараша салык салынчу. Бирок алардын айрымдары тапкан кирешесин жашырып койгондуктан патент киргизилген. Учурда шоу-бизнес өкүлдөрү патент менен ай сайын 540 сомони төлөө же жеке ишкерлик күбөлүгүнүн негизинде айлык кирешелеринин 4% которуу сыяктуу эки системанын бирин тандап алышса болот.
Салык комитетинин “кара тизмесине” 102 артист киргизилген. Алардын ичинде эстрада жылдыздары Шабнами Сурайё, Садриддин Наджиддин, Мехрнигори Рустам, Суруш Холов, Пенджи Анаев, Сафаргул Юсуфова, Сарвиноз Юсуфи, Фахриддини Малик бар.
Салык комитетинин маалыматы боюнча 2018-жылдын 1-январына карата салык органдарына 1512 ырчы-чоорчу катталган. Бир жыл мурун алардын саны 2240 болгон.